Марал Радиосу

Мамлекеттин үлүшү бар мейманканаларда кумаркана ачуу сунушталды

Кыргызстанда мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканаларда оюн-зоок жайларын ачууга уруксат берүү сунушталды. Тийиштүү мыйзам долбоорун министрлер кабинети Жогорку Кеңешке жөнөттү.

Сунушталган долбоордун негиздемесинде айтылгандай, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мейманканаларда оюн-зоок жайларын жайгаштыруу туристтердин агымын көбөйтүүгө гана эмес, ички жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга да мүмкүндүк берет.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мамлекеттик мейманканалардын аймагында казинолор иштетилери, мындай объектилер туризмди өнүктүрүү жана бюджетке кошумча киреше тартуу үчүн колдонулары жүйө келтирилди.

“Бул Мыйзам долбоору өлкөгө инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында иштелип чыккан” , — деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Министрлер кабинети учурда өлкөдө кумар оюндарын өнүктүрүүнүн оң тенденциясы байкалып жатканын билдирет. Казино ишмердүүлүгүнө 3 лицензия жана букмекердик кеңсеге 4 лицензия берилген. Жалпысынан кумар оюндарынын субъектилери казиного лицензия алуу үчүн 210 миллион сом, букмекердик лицензия алуу үчүн 42 миллион сом төлөшкөн.

Оюн-зоок жайларынан салыктык түшүүлөр да жакшы болгон. Алсак, 2023-жылы оюн-зоок ишмердигинин субъекттеринен салыктык түшүүлөр 118,5 млн сомду түзсө, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 208,7 млн сомду түзөт.

Мыйзам долбоору Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик менен макулдашылган.

Кумарканаларды бала бакчалардын, мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана башка окуу жайлардын имараттарында, медицина жана сыйынуу мекемелеринде, маданият мекемелеринде, турак жайларда жайгаштырылышы мүмкүн эмес.

Ошондой эле, казино рестораны бар мейманкана комплексинде жайгаштырылышы керек. Ресторанда жүздөн кем эмес орун, ал эми мейманканада талаптагыдай жабдылган жыйырмадан кем эмес номер болууга тийиш.

Буга байланыштуу, оюн-зоок жайлары ресторан менен болгон мейманкана комплексинде гана жайгашышы керек.