Марал Радиосу

Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Жапония менен ойнот

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Жапониянын жаштар курамасы менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Беттеш 2025-жылы өтө турган Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында уюштурулат.

Кыргызстандын жаштар курама командасы I тайпада Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония командалары менен бирге жайгашкан. Турнирдин биринчи турунда кыргыз спортчулары 25-сентябрда Мьянманы 2-0 эсебинде жеңген.

Ал эми 27-сентябрда Түркмөнстандын командасын 1:0 менен уткан. Жалпы упайлык эсепте биринчиде 6 упай менен Жапония андан кийин 6 упай менен Кыргызстан турат. Ал эми Мьянма менен Түркмөнстан упай ала элек.

Тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.