Жалал-Абадда изделип жаткан 3 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарындагы изделип жаткан наристенин сөөгү бүгүн, 29-сентябрда жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Жалал-Абад шаарыдык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 11 куткаруучусу да издөө иштерине тартылган. Ошондой эле 80 адам жергиликтүү тургундадан, 40 милиция кызматкерлери тартылган.
Белгилей кетсек, Б.Т. аттуу 3 жашар наристе 26-сентябрда жоголгону тууралуу маалымат түшүп, изделип жаткан.