Марал Радиосу

Коомдук транспорттогу жол киреден бир күндө 5 миллион 268 миң сом түшкөн

Бишкек шаарындагы коомдук транспорттогу жол киреден бир күндө 5 миллион 268 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

Анын айтымында, азыркы тапта борбор калаа боюнча эл ташыган 1 376 автобус бар. Ал эми айдоочулардын саны 2700дү түзөт.

«Күнүмдүк түшкөн каражаттын отчетун билип турабыз, Мисалы, кечээ, бир күндө 5 миллион 268 миң 718 миң түштү».

Ошондой эле Ырсалиев, мэриянын буга чейин жол кирени накталай 40 сом кылуу боюнча сунушу, элди карта менен төлөөгө үндөө экенин белгиледи. Накталай төлөм менен түшкөн акчаны, айрым айдоочулар өз капчыгына алып жаткан учурлар катталганын да кошумчалады.