Марал Радиосу

Бишкек мэриясы шаардыктарды саат 19:00дон 24:00го чейин таштанды таштоого чакырды

Бишкек мэриясы шаардыктарды кечки саат 19:00- 24:00 аралыгында таштанды таштоого чакырды. Себеби, шаар ичинде тазалоо иштери саат 24:00дон баштап таңкы саат 06:00го чейин жүрөт.

“Сиздер болсо эртең менен балдарды окууга же бала бакчага же өзүңөр жумушка кетип жатканда таштап кетип атасыңар. Ошол үчүн күндүз кечке таштанды челектер толуп турат”.

Аталаган мекеме күндүзгү убакта жол тыгындын улам, кайрадан таштанды чогултуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.