Марал Радиосу

Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы маалымат берди.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна мезгил кутусун салууга, ошондой эле бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышат.