Марал Радиосу

Рубль бираз кымбаттады. Валюталар курсу тууралуу маалымат

Акыркы сутка ичинде евронун, орус рублинин жана теңгенин сомго карата расмий курсу жогорулап, юандын курсу төмөндөдү. Доллардын курсу туруктуу кармалууда.

22-октябрда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар орто эсеп менен 85,18- 85,63 сомдон сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 85,5 сомду түздү.

Евронун сомго карата курсу кымбаттаганы байкалды. Учурда бир евро орто эсеп менен 91,74 сомдон сатып алынып, 92,7 сомдон сатылууда. Расмий курс 92,8103 сомду түздү (өсүү 0,12 пайыз).

Ошондой эле орус рубли кымбаттап, 0,874-0,898 сомдон сатылууда. Улуттук банктын курсу 0,8918 сомду түздү (өсүү — 0,18 пайыз).

Теңгенин да курсу жогорулап, 0,1219-0,1892 сомдон сатылууда. Расмий курс – 0,1775 сом (өсүү – 0,34 пайыз).

Ал эми юань арзандап, 12,02 сомду түзүүдө.