Марал Радиосу

«Убагы келгенде Фетхуллах Гүлендин идеологиясы чоң изилдөөгө айланат» (пикирлер)

Түркиялык дин аалымы, ойчул, жана «Хизмет» кыймылынын негиздөөчүсү Фетхуллах Гүлен 20-октябрдын кечинде 83 жашында ааламдан өттү. Дин аалымы Фетхуллах Гүлен узакка созулган оорудан улам АКШнын Пенсильвания штатындагы ооруканалардын биринде көз жумду. Ал 1999-жылдан бери АКШда жашап келген.

Ал 1970-жылдардан тартып социалдык кызмат көрсөтүү, билим берүү жана диалог жаатында ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Хизмет» кыймылын түзгөн. Бул кыймыл менен ал дүйнөгө таанылып, заманбап билим берген мектептерди 150дөн ашык өлкөгө ачкан. «Себат» билим берүү мекемелери Борбор Азияга да 1990-жылдардын башында ачылып, Кыргызстанда учурда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси катары белгилүү. Кыргызстанда «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Бүгүнкү күндө ондон ашык метеби өлкөнүн бардык аймактарында бар. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде окуган окуучулар республикалык, эл аралык жана дүйнөлүк олипиадаларда байгелүү орундарды алып келет.

Ал эми Фетхуллах Гүлендин Түркиядагы таржымалы 2015-жылдагы саясий окуялардан улам талаштуу болуп келет. Фетхуллах Гүлендин ишмердүүлүгү көптөгөн өлкөлөрдө билим берүү жана диалогду колдоо аркылуу оң бааланса, Түркияда анын кыймылы чоң талаш-тартыштардын жана саясий конфликттердин негизинде каралып келет. 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетинде президент Режеп Тайип Эрдоган Гүленди бул окуянын уюштуруучусу катары күнөөлөгөн. Гүлен бул төңкөрүш аракетине тиешеси жоктугун айткан. Бирок ошого карабай түрк бийлиги Гүлендин миңдеген тарапташтарын куугунтуктап, камакка да алган. Ал эми АКШ бийлигинен Гүленди Түркияга экстрадициялоону талап кылып келген. АКШ бийлиги буга эч кандай негиз жоктугун айтып келет.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, орто чыгыш таануучу Искендер Ормон уулу Фетхуллах Гүлен заманбап маселе, көйгөлөргө илим-билим менен шайкеш келген жаңы чыйырга кадам таштаган аалым экендигин айтты. Анын пикиринде, Гүлен социалдык Исламды жайылтуудагы эң маанилүү өкүлү.

«Мусулман коомчулугунда күч колдонуу, демократия, толеранттуулук жана секулярдык жашоо боюнча, аларды түшүүнү, өзгөчө илим, билим менен шайкеш иш алып баруу боюнча көптөгөн маселелер бар. Фетхуллах Гүлен мырза орду толгус чоң модел катары долбоорлорду, чыгармаларды таштап кеткендиги анык. Албетте, Түркиядагы болгон саясий өзгөрүүлөр, саясий авторитет авторитардык мүнөзгө оошу менен бул аалым жана анын жолдоочулары көптөгөн куугунтукка учурады. Алар дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүнө мектептерди ачып, ал жерде англис тилинде заманбап билим берип, ошондой эле жергиликтүү баалуулуктар менен да жуурулушкан мектептерди ачышкан. Ал жерде дүйнөгө пайдасы тие турган, өз тармагынын мыкты адистерин тарбиялоого бел байлашкан. Баардык эле белгилүү адамдардын сунуш-пикирлери талаш – тартышка жем салат. Бир канча убакыт өткөндөн кийин изилдөөчүлөр, объективдүү караган адамдар тараптан Фетхуллах Гүлендин айткандары бааланат деп ойлойм. Убакыт келгенде бул киши жөнүндө, анын идеологиясы жөнүндө изилдөөлөр чыгат деген пикирдемин».

Педогогика илимдеринин доктору, профессор, коомдук ишмер, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова Фетхуллах Гүлендин бир канча принциптерин айтып, ал каза болсо да артында жасаган эмгектери калаарын, анын идеологиясы жыл өткөн сайын дагы да жанданып, ар кандай изилдөөлөр чыгат деген пикирде.

«Мен ал кишини Исламды дүйнөгө туура, гумандуу дин катары жайылтканы менен тааныйм. Ошондой эле Ислам дүйнөсүндө, мусулман коомчулугу жашаган өлкөлөрдө светтик билимдерди да берүү маселесине көңүл бурган. Кыргызстандагы «Сапат» мектептери да мунун бир мисалы. Менин ал мектептерге эч кандай тиешем жок. Бирок ал мектептерде окуган жаштар талантуу, билимдүү болуп өсүп, келечекте өлкөнүн экономикасын көтөрүп, билимин тереңдетип, өз өлкөлөрү үчүн жакшы иштерди жасайт деген идеясы жагат.

Ошондой эле ал караңгылыкты билим менен жеңсе болоорун, элди жаңы турмушка, жаңы нерсеге үйрөтсө болоорун колдогон. Дагы бир маанилүү принциптеринин бири жакырчылыкта жашагандарга жардам берүү ар бир адамдын парзы экендигин баса белгилеп келген. 2001-жылы болгон терактта эң эле биринчилерден болуп, ислам дини-терроризимдин дини эместигин, гуманизмдин дини экендигин айтып чыккан. Ал адам арабыздан кетсе дагы анын идеялары, анын жасаган иштери, анын философиясы, көз карашы жыл сайын дагы да ачылат деген ойдомун. Ошондой эле мунун философиясы кийинчээрек чоң бир изилдөө болот деп ойлойм».

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев Фетхуллах Гүлен 1960 -1970 – жылдарда эле мусулман коомчлугу илимдүү, билмдүү болуусу керектигин айтып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мектептерди ачканын айтты.

«Фетхуллах Гүлен коомчулукка динди жайылтууда опол тоодой эмгек кылды. Мен аны XX-XXI кылымдын эң мыкты, дүйнөлүк деңгээлдеги аалымы катары тааныйм. 1960-1970 – жылдардан эле мусулман дүйнөсүнүн арта калып жатканын туюп, түшүнүп тынчсызданган. Ошондон улам мусулман коомчулугу илимдүү, билимдүу болуусу керек деген принцип менен дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөдө мектептерди ачтырган. Мындай аалымдар жүз жылда бир жарала турган инсандар. Анын өзгөчө пикирлери, терең ойлору дайыма тынчтыкка чакырып келген.

Экинчиден, диалогго маани берчү. Ал  «Кандай гана инсан болбосун тынчтык өкүм сүргөн дүйнөдө жашоого укутуубуз», — деген принципти карманчу. “Кандай гана улуттун өкүлү болбосун, кандай деңээлдеги адамдар болбойлу тил табыша турган чекиттерибиз бардыр, эч бир маселе согуш менен чечилбейт, балким отуруп, баарлашуу, диалог жолу менен чечүүгө болот деген. Диний аалым катары айтамын, ал кишиге карата ар кандай сын-пикирлер айтылып келет. Динибизде “кайсы бир аалымдын артынан сүйлөй турган болсо, уулу эт жеген менен барабар», — деп айтылат.

Бир канча жылдан бери АКШда бозгунда жүрдү, ага карата ар кандай каралоолор болуп келди. Ал эч кимге нааразы эместигин, баарын кечиргендигин жазып келген», — дейт Марс Ибраев.

Фетхуллах Гүлен 2013-жылы «TIME» журналынын «Дүйнөдөгү 100 таасирдүү адам» тизмесине кирген. Ал эми Foreign Policy басылмасынын версиясы боюнча «Дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 адамдын» тизмесине да кошулган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Өмүрбек Абдырахманов Фетхуллах Гүлендин идеясы менен ачылган мектептер жөнүндө айтып, ал негиздеген мектептер миңдеген кыргыз жаштарынын потенциалынын ачылышына себепкер болду деп эсептейт.

«Фетхуллах Гүлен мусулман аалымы катары “биз мусулмандар арта калдык, ошондуктан биз мусулмандарды билимдүү кылуубуз керек”, — деген. Ал айткан идея, стандарт менен Европа, АКШдагы билим берүү мекемелеринен кем болбогон мектептер ачылды. Азыркы көптөгөн өлкөлөрдө анын идеясы менен ачылган мектептер бар. Биздин эле өлкөбүздөн бир канча мектеби бар. Ал мектепте билим алган окуучулар республикалык, дүйнөлүк олимпиадада байгелүү орундарды алып келишет. Анын китептеринде бир гана дин эмес, билимдин да идеологиясы бар».

Аалым Фетхуллах Гүлендин Ислам дини жана дүйнөдөгү билим берүүнүн орду, диндер аралык диалог, тынчтык тууралуу ондогон китептери бар. Көпчүлүк китептери кыргыз тилинде да басылып чыккан. Мисалы: «Чырпыктан чынарга», «Призма», «Чексиз Нур» ж.б

Котормочу Алманбет Осмон уулу Фетхуллах Гүлендин бир канча китебин кыргызчага которгон.

Ал Ислам тарыхында көптөгөн белгилүү аалымдар чыккандыгын, Фетхуллах Гүлен башка аалымдардан айырмаланып китептеринде Ислам дүйнөсүн жана заманбап билимди айкалыштырып жазгандыгына токтолду:

«Мен Фетхуллах Гүлендин бир канча китебин которуп калдым. Биринчиден, ал инсан дүйнөлүк алкакта ой жүгүрткөн, адамдын ыйманын, абийирин козуткан ыкмаларды колдонуп жазчы. Ошондой эле Фетхуллах Гүлендин омүрүн изилдегендер жакшы билет, анын айтканы менен өмүрүндо жасаганы төп келет.

Анын китептеринде ыймандуулукка чакыруу менен бирге заманбап илим-билимге төп келген чакырыктарды колдонуп жазган. Ислам дүйнөсүндө улуу аалымдар көп, бирок ошолорлдун ичинде Ислам ааламы менен заманбап, светтик илимдерди айкалыштырган аалым катары таанымал.

Ошондой эле ал китептеринде өзү жөнүндө көп айтпайт. Ошентсе да ал бир гана муслман коомчулугуна эмес, бүткүл дүйнөгө таасирдүү инсандардын бири катары калат деп ишенем». 

Белгилүү диний аалым, маркум Чубак ажы Жалилов да АКШга болгон сапарынын алкагында Фетхуллах Гүлен жолукандыгын, анын улуу аалым экедигин айткан.

«Коомчулукта ар кандай кептер айтылгандыктан АКШга болгон сапарымдын алкагында мен Фетхуллах Гүлен менен жолугуп, сүйлөшүп келдим. Ал залкар аалымдардын бири, анын кылып аткан иши өтө чоң. Мен анын илимин көрдүм, сабактарына катыштым, китептерин көрүп улуу аалым экендигин билдим. Мен бир канча убакыт ал кишинин сабактарына катышып, ошол жерде калгым келди, бирок виза чектелүү күнгө берилген болчу».

 

Фетхуллах Гүлен 1941-жылы Түркиянын Эрзурум провинциясында туулган. Анын атасы имам болгон. Диний билимдин башатын да атасынан алган. Ал өзү түзгөн кыймыл аркылуу илимди, билимди жана диалогду колдоо менен дүйнөлүк проблемаларды чечүүгө умтулган.