Марал Радиосу

Ысык- Көлдүн айрым жерлеринде кар жаады

Ысык-Көл аймагынан айрым жерлерине кар жаады. Бул тууралуу аталган аймактын жашоочулары билдирди.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору 28-29-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөн болорун айткан. Ошондой эле, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Үшүк мөмө-жемиштерге, жашылча, казылып алынган жана үстү жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коопту экени эскертилген.