Марал Радиосу

«Асман аба жолдорунун» учактары Ош, Жалал-Абад, Баткенге учат

«Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек–Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү учту.

«Манас» аба майданынын басма сөз кызматы кабарлагандай, билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт, ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат: Супер эконом — 4000 сом, толук эконом — 4500 сом жана Флекс  эконом — 5000 сом.

Ош шаарынан тышкары, Жалал-Абад шаарына 28-сентябрдан, Баткенге 3-октябрдан баштап уча баштайт.

Авибилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча  каттамдарга  билет сатуу убактылуу токтотулганы кабарланды.

«Манас» эл аралык аэропортунун «Асман аба жолдору» авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи учак Кыргызстанга 6-сентябрда алып келинген.

Канадалык компаниянын учагы 80 жүргүнчүнү батыра алат жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү.

Учак кыска аралыкка учууларды эффективдүү аткарууга жөндөмдүү, Кыргызстандын шаарлары менен облустарынын ортосундагы каттамдар үчүн ыңгайлуу.

«Асман Эйрлайнс» жаңы туунду авиакомпаниясы 2023-жылы июлда түзүлгөн. Быйыл сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдар ачылары кабарланган.