Марал Радиосу

Баткенде Өзбекстандан келген дарыгерлер жарандарды акысыз текшерет

Баткенге Өзбекстандан дарыгерлер тобу келгенин Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өзбекстандан келген дарыгерлер тобун Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдукаххор Фозилов баштап келген.

Сапардын максаты, кесиптик кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, эки өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүү болуп эсептелет.

Дарыгерлердин курамында тажрыйбалуу онколог, эндокринолог, онкогинеколог адистери бар. Алар эки күн ичинде Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрөт.

Сапардын алкагында Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борбору менен Өзбекстандын  Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык,  медициналык реабилитация борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул иш аракеттер эки өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу кызматташуу боюнча жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашууда.