Марал Радиосу

Акыйкатчы интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пул салган долбоорду артка кайтарууга чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорунун демилгечилерин аны кайра кайтарып алууга чакырды.

25-июлда «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилген. Анда жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу каралган.

Акыйкатчы институту мындай айып пул жазасы – негизсиз жогору экенин, андан сырткары, мыйзам долбоорунда жоопкерчиликке Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектигин эске алууга чакырды.

Мыйзам долбооруна анализ жүргүзүлүп, эл аралык укуктарга жана жалпы кабыл алынган принциптерге ылайык, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы талданды.

Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн айып пулдун ченеми Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 31-беренесине ылайык, жеке жана юридикалык жактарга каралган чектен бир топ ашып кетери айтылды.

Укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес.

Мындан сырткары, акыйкатчы белгилегендей, Жарандык кодекстин 18-беренеси жана Жогорку Соттун пленумунун токтомуна ылайык, ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо үчүн сотко кайрылуу керектиги көрсөтүлөт.

Жамиля Жаманбаева мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу каралган.

Долбоорун 17-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралып, биринчи окуудан өткөн.

Депутат Абакиров интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пулду азайтууну сунуштады