Марал Радиосу

Бишкекте эртең жылуулук бериле баштайт

Бишкекте эртең, 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Мэриядан кабарлашкандай, 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өтүп, үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берүүнүн күнү белгиленди.

Жылуулук этап-этабы менен берилет: биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.

Былтыр Бишкекте жылуулук 31-октябрда берилген. Парламенттин тармактык комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев буга чейин жылуулук эрте берилбегенин, бирок синоптиктердин билдирүүлөрүн эске алып, жылытуу мезгилин 22-октябрда баштоо пландалып жатканын айткан.