Марал Радиосу

24-25-октябрда BIF жана «Жашыл экономика» форуму өтөт

JIA бизнес-ассоциациясы 24-25-октябрда Бишкек инвестициялык форумун (BIF) өткөрөт. Иш чара чакан жана орто бизнестин ири компаниялар, инвесторлор, парламентарийлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча болуп калууда.

«BIF 2024» иш-чарасына бул жолу 18 өлкөдөн бизнес-делегация келери күтүлүүдө.

2015-жылы негизделгенден бери форумда ондогон келечектүү бизнес долбоорлор сунушталып, аларга 20 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция тартылган.

1066 долбоор жарыяланып, тандоонун натыйжасында каталогго 198и киргизилген. Анын ичинде 2015-жылы 6 долбоор,
2016-жылы 14 долбоор, 2017-жылы 11 долбоор, 2019-жылы 10, 2022-жылы 3 долбоор киргизилген.

Форумдун катышуучулары экономикадагы жана бизнес-чөйрөдөгү күтүлүп жаткан тенденцияларды, өзгөрүүлөрдү талкуулашат, ошондой эле кызматташуунун жаңы векторлорун табышат.

«Жашыл экономика» форуму

BIF менен катар акыркы үч жылдан бери «жашыл экономикага» арналган форум өткөрүлүп келет. Бул форум быйыл күзүндө дагы өткөрүлөт. Иш-чаранын максаты, жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын, бизнес секторунун жана билим берүү мекемелеринин ортосунда тыгыз өз ара байланышты түзүү.

Форумдун алкагында Green Expo көргөзмөсү өтүп, анда компаниялар өздөрүнүн “жашыл” өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөтүшөт.