Марал Радиосу

Шайлоо: Алтынбек Кылычбаев Икрамовдун ордуна депутат болот

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Анда 10 миң 174 добуш менен Алтынбек Кылычбаев эң көп добуш алган. Бул тууралуу БШК кабарлады.

Шайлоого 15 талапкер катталса, анын 7си ат салышкан.

Алтынбек Кылычбаевден кийинки орунда 3 280 добуш менен Медербек Сапарбаев, 2 493 добуш менен Жыргалбек Сейдахматов, андан кийин 2 435 добуш менен Мелисбек Кошалиев, Асилбек Арапбаев 1 351 добуш алган. Ошондой эле Юлия Лилиенталь 749 добуш алса, Бейшенбек Бегматов 212 добуш алган. Ал эми «Бардыгына каршы» 134 шайлоочу добуш берген.

Сузак окуругу боюнча добуш берүү үчүн 81 шайлоо участогу ачылган.  Аталган округ боюнча тизмедеги шайлоочулардын саны 124 миң 429, анын ичинен 62 миң 373ү эркектер (50,13%) жана 62 миң 56сы аялдар (49,87%). Анын 21 миң 057си гана добуш берүүгө катышкан. Шайлоого шайлоочулардын 16.92%зы гана келген.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.