Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасында 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 20-октябрда саат 23:44 чамасында Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга (Нура айылынан 29 чакырым түштүк батышта, Икизяк айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Эркештам айылынан 35 чакырым түштүк батышта, Көк-Суу айылынан 34 чакырым түштүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.