Кыргызстандын быйылкы жылдагы ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 1,5 трлн сомду түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.
Ал экономиканы өнүктүрүүгө арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду.
«Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 8,7%ды түздү, ал эми «Кумтөрдү» эсепке албаганда 10,6%ды түздү, 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллиондон сомдон ашса, быйыл 1,5 трлн. сомду түздү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Акыркы 3 жылдын ичинде биз 2 миң чакырым жол курдук, өлкөнүн өнөр жай тармагы жанданууда» , — дейт өкмөт башчы.
Расмий маалымат боюнча 2023-жылы ИДӨ 1,2 триллион сомдон ашкан. Бул көрсөткүч 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйгөн.