Марал Радиосу

Президент агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президент айыл чарба – өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизи экендигин жана экономика секторунун артыкчылык берилген башкы багыттарынын бири болуп саналаарын айткан.

«Быйыл аба ырайынын жана климаттын жагымдуу таасиринен улам, айыл чарба азыктарын 400,0 млрд сомдун тегерегинде өндүрүү, ал эми анын өсүү темпи 107,0 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Айыл чарба секторунун мал чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында макроэкономикалык көрсөткүчтөр толугу менен жетишилди.

Мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 7 инвестициялык долбоор, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып келатканын белгилей кетейин. Өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу биринчи ирет сиздерден көз каранды. Экономикалык климатты жакшыртууда негизги стратегиялык маанидеги тармакты тейлеген жооптуу кызматкерлер катары өз милдетиңиздерди ийгиликтүү аткара аларыңыздарга бекем ишенем”.

Өлкө башчы 18-октябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине атайын техникалар тапшырган. 112 атайын техника республикалык бюджеттин эсебинен алынган. Ага бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн, ошондой эле 83 млн сомго сатылып алынган 48 кызматтык автоунаа райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына тапшырылды.

Айыл чарба министрлигине бир млрд сомго алынган 100дөн ашык атайын техника тапшырылды