Марал Радиосу

Кара-Сууда агасы инисин тир мылтык менен кокустан атып алган

Ош облусунун Кара-Суу районунда агасы инисин кокусунан тир мылтыгы менен атып алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

19-октябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Датка айыл аймагындагы талаада 6 жаштагы П.С. аттуу бала денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 16 жаштагы М. кокусунан тир мылтыгы менен 6 жаштагы инисин ичине атып алганы белгилүү болгон. Дарыгердин айтуусу боюнча, баланын ички органдары жабыркаган эмес.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.