Марал Радиосу

Бүгүн социалдык кызматкерлер жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамы

Бүгүн социалдык чөйрөнүн жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү. Бул күнгө утурлай, Бишкектеги «Таберик» театрында бүгүнкү майрамдык күнгө арналган атайын жыйын болуп өттү. Иш чранын алкагында  бул тармактагы мыкты мекемелер боюнча жыйынтык чыгарылды.

Мыкты социалдык мекеме деп «Акниет» аттуу турмуштук кыйын кырдаалга кабылган балдардын борбору табылды. Ага 150 миң сом тапшырылды. Экинчи орунга «Коломто» муниципалдык мекемеси татыктуу болуп, 50 миң сом менен сыйланды.

Ушу тапта Бишкекте социалдык коргоо тармагынын 666 кызматкери 72 миң адамга камкордук көрөрү малым болду.