Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк үчүн сынактардын жүрүшүн онлайн режимде байкап турууга болот. Учурда онлайн көрсөтүү пилоттук негизде Бишкек жана Ош шаарларындагы эки аймактык бөлүмдө иштеп баштады.
Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, ачыктыкты пайда кылуу максатында кабыл алынган. Эфир сынактарына шилтемелер бардык жарандарга жеткиликтүү.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери сынактарга 345,8 миң адам катталып, анын 61,3 миңи ийгиликтүү тапшырса, 210,6 миңи тесттен өтө албай калган.