Марал Радиосу

УКМК: «Тунгуч» жаштар театры жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарындагы тарых эстеликтерге тиешелүү объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, баасы 317 млн.106 миң сом түзгөн мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Советтер Союзу кулагандан кийин, менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат, ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды.

Аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттин коргоосунда турат жана коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн. Ошондой эле, бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген.

Мүлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында УКМК тарабынан менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2024-жылдын 23-сентябрында уюштуруучу жана ээси катары Ч.В.С. «Т.П.Ц.Т» ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп бергени айтылды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мыйзамсыз менчиктештрилген объекттер жана жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөн.