Марал Радиосу

Айыл чарба министрлигине бир млрд сомго алынган 100дөн ашык атайын техника тапшырылды

Бүгүн, 18-октябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине атайын техникалар тапшырылды.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, суу ресурстары кызматынын керектөөлөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен алынган 112 атайын техника:

-дөңгөлөк менен жүрүүчү узун бум экскаватор — 28 бирдик,

-жүк көтөрүүчү манипулятор 8 тонна — 6 бирдик,

-алдыңкы жүктөгүч 3 м3 — 10 бирдик,

-узун бум экскаватор жөрмөлөгүч менен -8 бирдик,

-өзү жүктөөчү бетон аралаштыргыч — 8 бирдик,

-бульдозер-4 бирдик,

-грейдер — 1 бирдик,

-35 орундуу автобус — 1 бирдик жана башка техникалардын түрлөрү берилди. Алар өлкө аймактары боюнча бөлүштүрүлөт.

Бул техникага бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн, ошондой эле 83 млн сомго сатылып алынган 48 кызматтык автоунаа райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына тапшырылды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров борбордук Ала-Тоо аянтына тизилген жаңы техникаларды көрүп чыкты жана алардын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты.

2021-жылдан бери айыл чарба техникаларынын лизингине жалпы 12,4 млрд сом бөлүнүп, бул каражатка 3639 айыл чарба техникасы берилген.

Садыр Жапаров белгилегендей, эмдиги жылы суу ресурстары кызматы 400дөн кем эмес атайын техника менен камсыздалат.