Марал Радиосу

Шаардык кеңештерге аттанган партиялардын үгүт иштери башталды

Бүгүн Кыргызстанда шаардык кеңештерге аттанган партиялардын үгүт иштери башталды.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону утурлай, шаардык кеңештерге катышып жаткан партиялардын үгүт иштери 18-октябрда, айылдык кеңештерге 28-октябрда башталып, 16-ноябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, өлкөдө 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Кыргызстандагы 33 шаардык кеңешке 39 саясий партия ат салышууда. 993 мандат үчүн шаардык кеңештин депутаттыгына 4928 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен 3183ү — эркек, 1745и — аял.

Ал эми 231 айылдык кеңешке шайлоо дайындалган. Мандаттардын жалпы саны — 5391, анын 30%, же 2185 мандат аялдар үчүн сакталган (аялдар квотасы).