Марал Радиосу

Өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шек саналып эки чет өлкөлүк кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шек саналып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк 23 жаштагы Б.У. жана 24 жаштагы К.Ю.С жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мындан тышкары, УКМК органдары тарабынан жогоруда аталган адамдардын Кыргызстандын аймагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана адалдоо боюнча эл аралык каналга тиешеси бар экендиги, Кыймылсыз мүлк объектилери боюнча жасалма бүтүмдөр боюнча Кыргызстандын салык төлөмдөрүн айланып өтүшкөндүгү аныкталды.

«Кармалган чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагында катталган, бирок иш жүзүндө жок курулуш компаниясынын директорлору болуп, Кыргызстандын жана башка өлөкөдө жүргөн чет мамлекеттердин жарандарын аныкташып жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын биринде көрсөтүлгөн акча каражаттарын накталай акчага берүүнү ишке ашырган жана накталай акча каражаттарын алгандан соң чет өлкөгө кайтарууну камсыз кылып турушкан», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.