Марал Радиосу

Чүйдө «Манас» соода-логистикалык шаарчасы курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районунда «Манас» соода-логистикалык шаарчасы курулат. 17-октябрда капсула салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Акылбек Жапаров логистикалык шаарчада 30 миң соода точкасы болот, 700 гектар жерге жайгашып, аны курууга 4,2 млрд доллар каражат сарпталат.

«Биринчи этаптагы сарпталуучу каражат 700 млн доллар. Башкача айтканда бул логистикалык борборду ири  деңиз порту менен салыштырууга болот» , — минкаб төрагасы.