Марал Радиосу

Балыкчы-Кочкор унаа жолу убактылуу жабылды

16-октябрдан 16-ноябрга чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолу жабылды.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан кабарлашкандай, Балыкчы-Кочкор унаа жолунун Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки 39+90 км – 42+90 км чейин бир айга жабылды.

Аталган тилкенин жабылуусу Балыкчы-Кочкор темир жол куруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу.