Марал Радиосу

Чаткалда кар көчкүнүн астында калган алты адам изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда көчкүдөн улам кар астында калган алты адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

9-октябрда 14 адам тоого чыгып, дары чөптөрдү чогулткан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, сегиз адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.

Куткаруу иштерине 5 куткаруучу, 10 жергиликтүү жашоочу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан эки оор инженердик техника жана тез жардам кызматтары тартылган.