Марал Радиосу

Мэрия: Аптада эки жолу коомдук транспорт менен жүрүү сунушу колдоо тапты

Президенттин администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын жумасына эки жолу — шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү демилгесин колдоду.

Министрликтерге жана ведомстволорго шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү боюнча сунуштама жөнөтүлдү.

Мэрия бул демилге 2024-жылдын май айынан бери иштеп келе жатканын жана жума сайын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү чарасы экологиялык абалды жакшыртууга, коомдук транспорттун абалын көзөмөлдөөгө, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртууга багытталганын билдирди.

Долбоорго ылайык, шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер коомдук транспортту колдонууга милдеттүү болушат.