Марал Радиосу

Бишкек-Ош жолу кардан тазаланып ачылды

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууну көздөй кете турчу “Сосновка” контролдук өткөрмө пункту жана түштүктөн Чүй облусун карай “Арал” посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, жеринде №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги абалды жеринде көзөмөлдөп жатат.

Министрлик айдоочуларды жолго чыгарда кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керектигин эскертет.