Марал Радиосу

Улуттук Урбан форумунан шаар мэрлери эмне алат?

Борбордо, 16-18-октябрь үч күн катары менен Урбан форум өтөт. Иш-чаранын алкагында, эл аралык жана улуттук эксперттердин жана Кыргызстандын 33 шаарынын мэрлеринин ортосунда диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүлөт.

Аталган форум Бишкек шаарынын мэриясы MoveGreen коомдук бирикмеси, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана «Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүгү биргеликте Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулуп жатат.

MoveGreen коомдук бирикмесинин жетекчиси Азат Мурадылдын айтымында, форум шаарлар арасында өнөктөштүктү орнотуу жана жаңы шаардык өнүгүү стратегияларын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болот.

“Форумга өлкөнүн бардык шаарларынан мэрлер келип катышууда. Катышуучулар урбанизациянын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашат жана ар бир шаардын маселеси каралат. Ошондой эле, шаардык жана айылдык жамааттардын тез өсүп жаткан муктаждыктарын чечүү үчүн натыйжалуу чечимдерди издешет. Форум – эксперттик жана коомдук форматтарды бириктирип — гибриддик форматта өтөт. Сессиялардын жүрүшүндө глобалдык чакырыктардын жана туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде урбанизация процесстеринин улуттук өзгөчөлүктөрү жана милдеттери аныкталат. Ошондой эле, шаарды туруктуу өнүктүрүүнүн мыкты эл аралык тажрыйбалары талкууланат. Мындай иш-чара, Кыргызстандын шаарларынын ортосундагы байланышты бекемдейт”.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри АСЫЛБЕК МАТКАЛЫКОВ шаардагы көйгөйлөр жана форумдун пайдасы тууралуу айтты.

“Форумга Кызыл-Кыя шаарынан чоң үмүттөр менен катышып жатабыз. Өлкөнүн ар кайсы шаарларынан келген жетекчилер жана чет элдик өкүлдөр менен тажрыйба алмашууга өтө ыңгайлуу шарт түзүлдү. Шаарыбыздагы көйгөйлөрдүн сап башында суу маселеси турат. Ошондой эле шаар жашылдандырууга муктаж. Экологиялык таза шаарга айландыруу максатында бир топ иштер аткарылып жатат. Мындан тышкары Кызыл-Кыяда тыгын маселеси да бар. Шаардагы тыгынды жоюуда Бишкек шаарында жасалып жаткан иштерден үлгү алсак болот экен.Сессиянын жүрүшүндө атап өткөн көйгөйлөрдүн негизинде чет жактан келген шаар жетекчилеринин жана өлкөнүн мэрлери менен тажрыйба алмашып жатабыз. Буюрса, шаарыбыздагы маселелерди четинен чечебиз деп ишенем”

Урбан форумга чет жактан Монголиянын Улан-Батор шаарынын мэриясы, Түркиянын 3 шаарынын өкүлдөрү, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Бирлиги, Россия шаарлар Союзу, Казань шаарындагы «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Евразия аймактык бөлүмү, Казакстандын Жергиликтүү коомчулуктар элдик конгрессинин төрагасы, Франция, Германия, АКШдан келген эксперттер, БУУ Хабитаттын өкүлдөрү — Кения, эл аралык аймактык өнүгүү жана чоң маалымат (big data) боюнча эксперттер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.