Марал Радиосу

Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышууда

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистандын Исламабад шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйынына катышууда.

Жыйында  Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, ШКУ кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берип, динамикалуу өнүгүүсүн улантып жатканын белгиледи. Ал белгилегендей акыркы 15 жылдын ичинде катышуучу өлкөлөр олуттуу экономикалык прогрессти көрсөтүп, 2009-жылдан бери ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы ИДПсы эки эседен ашык өстү. Уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25%га жетип, ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 250%, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе өстү.

«Бул жетишкендиктер, туура стратегия менен дүйнөлүк өсүштүн драйвери боло ала турган аймактын жогорку потенциалын тастыктайт»-деген Акылбек Жапаров, андан аркы сөзүндө учурдагы татаал глобалдык геосаясий кырдаалды эске алуу менен Уюмдун потенциалын толук пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү стратегияны кабыл алуу зарылчылыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын тез арада кабыл алынышын жактай турганын билдирди.

Ошондой эле ал, тараптарды ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын жана 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУнун Экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө чакырды.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле жаңы эл аралык каттамдарды түзүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына токтолуп, деңиз кемеси менен кургактагы темир жол байланыштарынын ортосунда жүк ташуу логистикасын айкалыштыруу зарылчылыгын билдирди.

Сөзүнүн аягында минкаб башчысы Пакистандын натыйжалуу төрагалыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди өкмөт башчылар кеңешинин төрагалыгына кабыл алышы менен куттуктады.

Исламабад шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 23-жыйынына Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын өкмөт башчылары жана делегация башчылары катышууда.

Exit mobile version