Марал Радиосу

«Унаа» мекемесинин жетекчиси жана бир нече кызматкери кармалганы айтылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа» ишканасы) директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармады.

Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды. УКМК кененирээк маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.

23-сентябрда мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратында жетекчи, анын орун басары, айдоочу жана үч кызматкер кармалган.

Кармоо мамлекеттик агенттиктин чыгыш башкармалыгындагы сынактарды өткөрүүгө байланыштуу экени айтылды.