Марал Радиосу

Бишкек-Ош жолу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунун тоолу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу “Чычкан”, “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Айдоочулардан зарылчылык болбосо алыскы аймактарга сапарга чыкпай турууну суранабыз. Ошондой эле жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөгөлөктөргө алмаштырууну өтүнөбүз, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, саат 08:30га карата жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жаткан.

№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.