Марал Радиосу

Финсабатка саякат: инфляция жана анын жеке финансыга таасири

Жыл башында Экономика жана коммерция министрлиги өткөн жылдын январь-ноябрь айларында орточо номиналдык айлык 32 миң 142 сомду түзүп, калктын акчалай кирешеси эки жылда 40 пайыздан ашык өскөнүн билдирди. Экономисттер инфляциялык процесстерге байланыштуу элде акчалай кирешенин көбөйгөнү байкалбай жатканын айтып келишет.

Негизи эле инфляция деген эмне? Анын жеке финансыга тийгизген таасири кандай?

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын Финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиевдин түшүндүрмөсүндө, инфляция – бул белгилүү бир мезгил ичинде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жалпы деңгээлинин туруктуу өсүш тенденциясы.

«Кыргызстанда керектөө бааларынын индекси инфляция деңгээлин мүнөздөгөн көрсөткүч болуп саналат. Өз кезегинде керектөө баалар индекси керектөө бааларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө баалар динамикасын өлчөгөн индекс. Эреже катары бул индексти эсептөө методу берилген бир мөөнөт ичиндеги ар кандай азык-түлүктөргө баалардын өзгөрүшү мурунку мөөнөткө салыштырмалуу орточо маанисин эсептөөдөн турат. Мында азык-түлүктөрдү сатып алууга коротулган орточо суммалары салмак катары колдонулат».

Инфляциянын өсүшү адамдын күнүмдүк чыгымдарына кандай таасир этет?

Инфляциянын өсүшү жеке адамдардын күнүмдүк чыгымдарына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Мисалы бүгүнкү күндө 100 сом турган товар бир жылдан кийин 105-107 сом болуп кымбаттап, ал пландап жаткан акча аны алганга жетпей калышы мүмкүн.

Инфляциянын себептери катары товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо талаптын өсүшү же суроо талаптын чектелиши айтылат. Өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү, салыктардын же тарифтердин көбөйүшү жана башка факторлор кирет. Орточо инфляция карыздын жүгүн жеңилдеткенге жардам берет. Анткени карыздын реалдуу баасы төмөндөйт.

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев инфляциянын таасиринен кантип сактанууга болорун түшүндүрдү.

«Инфляциянын таасиринен сактануу үчүн акчаны үйдө жөн эле кармабастан, анын кандайдыр бир финансылык каражаттарга салсаңыз болот. Ошол эле ишеничтүү мамлекеттик баалуу кагаздар бар. Мамлекет тарабынан кепилденген депозиттер бар. Ошондой эле ислам принциптерин камтыган депозиттер бар. Алардын пайыздык чендери инфляциядан жогору болгондуктан, акчаңызды инфляциядан сактай аласыз. Негизи инфляциянын деңгээли жогорулаганда Улуттук банк акча-кредит саясаттын алкагында эсептик ченди дагы жогорулатып, ал банктардын насыя жана депозит боюнча пайыздык чендерине таасир этет. Ушул учурда депозит ачсаңыз, 2022-2023-жылга караганда инфляциянын деңгээли эки эсе төмөндөгөн. Бирок сиз инфляция, пайыздык чендер жогору болуп турганда депозит ачып койсоңуз, кийин реалдуу киреше катары инфляциянын таасиринен сактанууга жардам берет».

Бюджетти пландоодо инфляциянын таасирин эске алуу канчалык маанилүү? Адистин жообу:

Бюджетти пландоодо инфляциянын таасирин эсепке алыш керек. Улуттук банк жылдын аягында кийинки жылга акча-кредит саясаты боюнча билдирүү жасайт. Анда инфляция боюнча божомолдор каралат. Улуттук банктын акча-кредит саясатынын максаты – бул инфляциянын деңгээлин орто деңгээлде (5-7%) кармап туруу. Ушул пайыздык чендерди кошуу менен пландоо туура болот. Ошондой эле кээ бир товарларга баа кымбаттап кетиши мүмкүн. Айрым товарларга болгон баа тескерисинче төмөндөшү мүмкүн. Ишканалардын өзгөчөлүктөрүнө да карап пландаса болот.

Кыргызстандын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев инфляциянын түрлөрүнө токтолуп, анын акчаны сактоо ыкмаларына болгон таасири тууралуу айтып берди.

«Жалпак тил менен айтканда инфляция – бул товарлар менен кызматтардын бааларынын өсүшү. Инфляция учурунда жылдан жылга бир эле суммага ар кандай товарларды сатып алууда алардын саны азая баштайт. Акчанын реалдуу баасы убакыт өткөн сайын түшө баштайт. Башкача айтканда акчанын сатып алуу жөндөмүнүн деңгээли түшө баштайт. Жалпак тил менен айтканда акчанын баркы түшө баштайт. Инфляция ар бир мамлекетте бар. Ал ар дайым өзгөрүп турат.

Инфляциянын бир канча түрү бар. Биринчиси, калыптуу инфляция. Бул инфляциянын убагында инфляциянын деңгээли жылдык ченем менен 4 пайызга чейин болот. Экинчи түрү орточо инфляция деп аталат. Бул жерде жылдык ченем менен алганда инфляциянан деңгээли 9 пайызга чейин болот. Үчүнчүсү, тастыктаган инфляция. Мында инфляциянын деңгээли 10 пайыздан 200 пайызга чейин болот жылдык ченем менен. Акыркы түрү – бул гиперинфляция. Бул учурда баалар тездик менен өсөт. Акчанын баркы тез түшүп кетет. Экономикалык кризиске алып келет. Баалар 50 пайыздан жогорулайт. Ай сайын жогорулап, гиперинфляциянын деңгээли болот».

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев учурда өлкөдө инфляциянын деңгээли 3,8 пайызды түзөрүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда инфляциянын деңгээли кандай жана кайсы инфляциянын түрүнө кирет деген суроо пайда болот. Эгер Улуттук банктын сайтын карасак, ал жерде көрсөтүлгөн. Азыркы учурда инфляциянын деңгээли 3,8 пайызды көрсөтүп турат. Былтыркы жылдарга салыштырмалуу төмөнкү көрсөткүч. Өткөн жылы бул көрсөткүч 9 пайыз болгон. Инфляциянын эң төмөнкү көрсөткүчү эл аралык деңгээлде карасак, бул Дания, Италия мамлекеттеринде 0,9 пайыз. Андан кийин Латвия, Литва, Финляндия мамлекеттеринде 1,1 пайызды түзөт».

Инфляция убагында акчаны кантип сактоо керек? Адистин жообу:

Инфляция канчалык жогору болгон сайын чыгымдар көбөйөт. Ошол эле товарларды, кызматтарды сатып алуу үчүн көбүрөөк акча талап кылынат. Инфляция сиздердин аманатыңыздарга, депозиттериңизге кандай таасир берерин түшүндүрүп беребиз. Биринчи, сатып алуу жөндөмүн азайтуу. Инфляция сиздин аманатыңыздын, депозиттериңиздин сатып алуу жөндөмүн начарлатат. Жалпы баанын деңгээли жогорулаган сайын бирдей акчага товарларды, кызматтарды азыраак сатып алууга болот. Мисалы сиздин аманат эсебиңизде 1000 сом болсо, инфляциянын деңгээли 3 пайыз болсо, сатып алуу жөндөмү 3 пайызга төмөндөйт. Бир жылдан кийин аманатыңыз 970 сомго бааланат. Экинчиси, жашоо наркынын өсүшү.

Инфляция аманатыңызга эки жол менен таасир этип, жашоо минимумун жогорулатышы мүмкүн. Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жогорулаган сайын мурунку жашоо деңгээлин сактоо үчүн көбүрөөк акча талап кылынат. Экинчиден, инфляция салыктардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Бул акчаңызды аманатка бөлүүнү кыйындатат. Мисалы сиз инфляциясы жогору өлкөдө жашасаңыз өкмөт аны көзөмөлдөө үчүн салыктарды көбөйтүшү мүмкүн. Бул сиздин колуңузда болгон кирешеңизди азайтып, акча бөлүүнү кыйындатат. Үчүнчү, пайыздык чендер. Инфляция жогору болгондо пайыздык чендер да көтөрүлөт. Демек, сиз пайыздык эсепке акча бөлсөңүз, инфляциянын кесепеттерин жоюу үчүн жетиштүү пайыз ала албай калышыңыз мүмкүн. Кыргызстан боюнча айта кетсек, көпчүлүк банктарда депозиттердин, аманаттардын пайызы төмөндөп жатат. Учурда эң жогорку пайыз 18 пайыз, аны 5-7 жылдарга сунуштап жатышат. Ал эми көпчүлүк банктарда 10-12 пайызга түшүп калды.

Акчаларды үйдө кармабаңыз, анткени инфляциянын убагында үйдө сактаган акчанын баалуулугу түшө баштайт. Депозиттерди, аманаттарды банктарда сактасаңыздар, учурда инфляция 3,8 пайыз болуп жатса, банктарда депозиттердин пайызы 10-12 же 18 пайыз болуп жатат. Ошондо сиздердин акчанын баалуулугу инфляциянын 3,8 пайызын эле төмөндөтүшү мүмкүн. Калганын банктардан сиздерге төлөп берип жаткан пайызынан киреше алып турасыздар. Ошондо банктарда акчаны жөн эле сактабастан, пайыздарды кошуп, акчаны көбөйтүп аласыздар.

Инфляциянын кесепеттерин азайтуу үчүн мамлекет тарабынан кандай чаралар көрүлүшү керек? Бул суроого экономист Искендер Шаршеев төмөндөгүдөй жооп берди.

«Инфляцияны көзөмөлдөө жана анын кесепеттерин азайтуу үчүн мамлекет төмөнкү чараларды көрүш керек. Мисалы Улуттук банк пайыздык чендерди жогорулатуу жана акча массасын азайта алат. Пайыздык ченди 5%дан 7%га көтөрүп, инфляциянын деңгээлин 10%дан 6%га түшүрүшү мүмкүн. Фискалдык саясатты оптималдаштыруу, өкмөттүн чыгымдарын кыскартуу же салыктарды көбөйтүү аркылуу суроо-талапты төмөндөтсө болот. Мисалы, бюджеттин чыгымдарын 10%га кыскартуу инфляциянын басаңдашына шарт түзөт.

Импортту стимулдаштыруу дагы инфляцияны азайтат. Арзан баа менен атаандаштыкты күчөтүп, товарды алып келсе, баалар туруктуу болушу же түшүшү мүмкүн. Негизги азык-түлүк товарларын дыйкандар арзаныраак импорттосо, албетте, өзүбүздүн өлкөгө кыйын болуп, баалар ылдыйлайт.

Антимонополиялык чараларга токтолсок, инфляцияга каршы чыгуу үчүн монополияларды жоюу — бул абдан жакшы нерсе. Бизге күйүүчү май бүгүнкү күндө 98% Орусиядан келет, алар баасын көтөрсө, көтөрүлөт. Бизде монополиязацияны түшүрүп, жеке ишканаларга электро-энергияны иштеп чыгууга толук эркиндик берип, негизи азыр ушундай эркиндик берилген, Кыргызстандын президентинин буйругу бар. 1,7 млрд доллар күйүүчү майга жыл сайын кетет. Эгер бул акчаны электр-энергияга сарптасак, инфляция басаңдайт».

Экономист Искендер Шаршеев инфляциянын таасиринен сактануу үчүн бир катар инвестициялык стратегияны сунуштады.

«Сактануу үчүн төмөнкү инвестициялык стратегияларды колдонсо болот: Биринчи, кыймылсыз мүлккө инвестициялоо. Үй же батир, коммерциялык жайларды сатып алуу. Мисалы үчүн, эгерде 20-жылы батирди 1 млн сомго алсаңар, 24-жылы 1, 2 млн сомго бааланат. Баалуу металлдарга инвестиция, алтын, күмүш сыяктуу металлдардын баасы инфляция менен кошо өсөт. Мисалы, алтын 2022-жылы 1800 доллар болсо, 2024-жылы 2 миң долларга чейин жакындап калды. Анан инфляцияга байланыштуу облигацияларды алсак болот. Мисалы киреше алып келген мамлекеттик облигацияларды сатып алсак болот. Акцияларга дагы инвестиция кылсак болот. Жакшы өсүп келе жаткан ишканалардан акцияларды сатып алышы, технологиялык компаниялар орточо 15% өсүүсүн көрсөтөт. Акыркы жылдары биржаларды иштетип, мамлекеттик деңгээлде карап, эл аралык финансылык борборлорду курса болот».

Инфляциянын узак мөөнөттөгү таасири кандай болот? Жеке финансы үчүн кандай узак мөөнөттүү пландарды сунушталат? Адистин жообу:

Узак мөөнөттө инфляция акчаны сатып алуу жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Инфляциянын таасирсинен 10 жыл ичинде акчанын наркы 50% га төмөндөшү мүмкүн. Ошол эле Ливан, Мисрди алсак, ал жакта 1000% га чейин өсүп кеткен. Зимбабведе 1 млрд% чейин акча кунун жоготкон. Айлык маяналар инфляцияга жараша өссө, элдин жашоо деңгээли төмөндөйт. Бизде бул нерсе байкалууда. Акча өлкөгө келип жатканы менен кошо, баары бир ишканалар өзүнүн жумушчуларына акча төлөгөндү каалашпайт.

Негизинен маяналар өспөй, чыгымдар өсүп жатат. Жашоо деңгээли кичинеден түшүп жатат. Мамлекет, эл байып жатат. Элдин бай катмары кичине акчаны ылдый түшүрбөй жатышат. Диверсификациялаган миссиялык портфелди түзүп, ар кандай активдерге инвестиция кылса болот. Пенсиялык фонддорго салым кошсо болот. Топтомдорду инфляцияны эске алуу менен пландаштырса болот. Мамлекеттик солидардык пенсияга ишене бербей, өзүңөрдүн жеке пенсиялык эсептерди ачып, пенсияга кошумча акча жыйнаса да болот.

Билимге жана көнүмдөргө инвестициялап, кесиптик квалификацияны жогорулатып, эмгектин баалуулугун арттырса болот. Бирок жашоодогу жүрүм-турум кээде ошол инвестицияны нөлгө чыгарып салат. Финансылык резервдерди түзүш керек. 6 айлык, 1 жылдык жашоого туура келүүчү акча көлөмдөрүн дайыма топтоп коюп, ал жөнүндө унутуп коюш керек. Инфляциялык секирик болгондо, ал аябай куткарат.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2023-жылы Борбор Азия чөлкөмүндө акыркы беш жыл ичиндеги түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрүнүн орточо деңгээлине салыштырмалуу түшүмдүн жогору болушу күтүлгөн. Бул азык-түлүк товарларынын баасынын өсүшүн кармап турууга шарт түзөт.

Инфляциялык жагдай мамлекеттик органдардын жаңы тарифтерди кабыл алуусуна, ошондой эле сомдун АКШ долларына карата алмашуу курсунун динамикасына жараша түптөлөт.

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине дайыма баа берип турарын жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларды көрө турганын да кошумчалаган.

Андан сырткары кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда банк учурдагы акча-кредит саясатына кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү бар.