Мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
18-сентябрда Э.Б. аттуу жаранды мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектин Биринчи Май РИИБинин 5-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.у.К. жана А.Ы.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында Э.Б. аттуу жаранга карата кыйноо колдонулганы дене жараатынын издери менен далилденген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.