Марал Радиосу

Президент Кыргызстандын тышкы саясаттагы позициясы тууралуу маек берди

Президент Садыр Жапаров Орусия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар экендигин 16-октябрда «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде айтты.

Буга чейин Президент КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити учурунда орусиялык журналисттердин суроосуна «Батыш бизге Орусия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши керек», — деп айткан.

Өлкө башчы Ашхабаддагы форумда орусиялык журналисттер күтүүсүздөн суроо бергенин айткан.

Президент төрт жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жаткандыгын белгилеген.

«Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери батыш өлкөлөрү Орусияны жектеп келишет. Албетте, Орусия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар. Бирок мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем: «Орусия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Орусиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Орусия аркылуу. Орусияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Орусия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Орусия менен иштешип жатасыңар го. Россия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Россия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз» деп ачык эле айтып жатам», — деп айткан президент.

Президенттин сөзүнө караганда, Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташууда. Ошондой эле жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюп, КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып, айрым  өлкөлөрү менен товар алмашуунун көлөмү төрт жылда жети эсеге өскөн.

Президент Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун бир мүчөсү катары Орусияга кирген санкциялык товарлар менен иштешпей жатканын жана бул маселе боюнча бизге эч кандай доомат коё алышпай тургандыгын кошумчалаган.

Ашхабаддагы форумда орусиялык журналисттер Садыр Жапаровго журналист «Батыш КМШ өлкөлөрү Россия менен кызматташуудан баш тартышы керектигин айтышууда. Буга кандай карайсыз?» деген собол узаткан.

«Албетте, туура эмес. Анткени алар биз Европага барганда бирди сүйлөп, кылганы башка болууда. НАТОго, Евробиримдикке кирип, бирок Россия менен кызматташкан өлкөлөр бар. Ал эми бизге Россия менен кызматташпоого көрсөтмө берип же сураныч кылбашы керек. Биз баары менен алака түзүшүбүз шарт», — деп жооп берген.