Марал Радиосу

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга барды

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарына барды. Ал ушул аптада Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөшү деп күтүлүүдө.

Андан тышкары 26-сентябрда Вашингтондо АКШнын президенти Жо Байден менен жолугуша турганы кабарланган. Ошондой эле АКШнын вице-президенти жана демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис да Зеленский менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

Лидерлер Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун абалын, анын ичинде Украинанын стратегиялык пландарын жана АКШнын Украинаны коргоодогу колдоосун талкуулашат.

Владимир Зеленский АКШга сапар учурунда президенттикке республикачылардан талапкер Дональд Трамп менен да жолугушууну пландап жатканы айтылган.

Украинанын президенти АКШга баратканда жазган видеокайрылуусунда “бул согушта мындан ары эмне болору ушул күздө чечилет” , деп билдирди.