Марал Радиосу

Футбол: Кыргызстан Түндүк Кореяны жеңди

Кыргызстан Түндүк Кореянын футбол боюнча улуттук курама командасын 1:0 эсебинде жеңди.

Оюндун биринчи бөлүгүндө Кыргызстандын оюнчусу Християн Браузман гол киргизип эсепти ачты. Беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтүп жатат.
Кыргызстан 5-сентябрда Иранга каршы ойноп 0:1 эсебинде утулган. 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилген. 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында, 19-ноябрда Бишкекте Иран менен ойнойт. Ал эми кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.
Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.