26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, түнкүсүн көпчүлүк аймакта жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.
27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы төмөндөп, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° ка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.