Марал Радиосу

Базар-Коргондо социалдык камсыздоо министрлигинин кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун жашоочуларынан бир нече жолу арыз жана даттануулар келип түшкөндүктөн, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы туруктуу акча чогултуу системасын аныктады.

19-сентябрда аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматка караганда, ал социалдык жөлөкпулдарды, анын ичинде «Үй бүлөгө көмөк» төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн аз камсыз болгон жарандардан пара талап кылууга шек саналууда.

Ошол эле учурда анын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган.

УКМК Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигинин аталган фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилерин билдирди.  Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.