Марал Радиосу

Бишкекте 22-октябрдан баштап жылуулук берилет

Бишкекте 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборунун директору 4 блок ишке киргизилгенин жана алар жылытуу сезонуна даяр экенин маалымдады.

«Буга чейин жылуулук мынчалык эрте берилген эмес, бирок синоптиктердин билдирүүлөрүн эске алып, жылытуу мезгилин 22-октябрда баштоону пландап жатабыз. Энергетиктердин негизги милдети калкты жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу. Энергосистема күз-кыш жылытуу мезгилине даяр», — деп кошумчалады министр.