Марал Радиосу

Иликтөөчү журналисттерди колдоону көздөгөн «Чындык үчүн 6 жыл» марафону башталды

Бүгүн, 15-октябрда, иликтөөчү журналисттерге карата чыккан райондук соттун өкүмүнө жооп иретинде, Кыргызстандагы аракеттеги медиа платформасы тарабынан «#ЧындыкҮчүн6Жыл» публикациялар марафону өз ишин баштады. Бул тууралуу аталган платформадан билдиришти.

Бир жуманын ичинде редакциялар, онлайн платформалар жана социалдык тармактын колдонуучулары Temirov Live, «Айт Айт Десе» жана «Алга Медиа» сыяктуу негизги иликтөөлөрдү эске салып, алардын иштери өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө жана укуктук тартипти чыңдоого кандай салым кошконун көрсөтүшөт, — деп айтылат маалыматта.

«Бул флешмоб биздин коомчулуктун жана эл аралык коомчулуктун журналисттерге каршы жасалган системалуу репрессияларга көңүл бурууга багытталган. Иш-чаранын уюштуруучулары бул аракет жарандарга журналисттик иликтөөлөр коомго маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келген булак экенин эске саларынан үмүт кылышат», — деп жазылат билдирүүдө.

Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун эркинен ажыратылышы жөнүндөгү сот чечими кесипкөй коомчулуктун жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын нааразычылыгын жаратты. Алар бул өкүмдөрдү сөз эркиндигине жана көз карандысыз журналистикага каршы саясий куугунтук катары баалашууда.

Флешмобдун уюштуруучулары жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандык уюмдарды жана жарандарды журналисттер менен тилектештикти билдирип, сот органдарынан бул айыптоолорду кайра карап чыгууну талап кылууга чакырышат.

Белгилей кетсек, Бишкектин Ленин райондук соту 11 журналисттин иши боюнча өкүм чыгарып, анда 7 журналист акталып, экөө үч жылдык пробацияга чыгарылса, Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдор бири 6 жылга, бири 7 жылга камалган.