Марал Радиосу

Садыр Жапаров БУУнун сессиясында сөз сүйлөйт

Президент Садыр Жапаров 21-24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барат.

22-сентябрда мамлекет башчы келечек саммитинин ишине катышат, анын алкагында «Келечек пактынын» жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.

24-сентябрда өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.