Марал Радиосу

Кыргызстанда Түркиянын Зираат банкынын филиалын ачуу сунушталды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарында Түрк Банктар Ассоциациясынын төрагасы, «Зираат банкынын» башкы директору Алпаслан Чакар менен жолугушту.

Түрк банктар ассоциациясынын платформасында эки өлкөнүн банк мекемелеринин өкүлдөрүнүн адистештирилген жолугушуусун уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди. Тараптар ошондой эле Кыргызстанда Түрк мамлекеттеринин банктар ассоциацияларынын кезектеги жыйынын өткөрүүнү келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, Зираат банкынын Кыргызстанда филиалын ачуу маселеси көтөрүлдү. Элчи Руслан Казакбаев мунун маанилүүлүгүн белгилеп, Зираат Банкынын филиалдары буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Орусия сыяктуу 20 өлкөдө иштеп жатканын айтып, кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн Алпаслан Чакарды Кыргызстанга чакырды.