Марал Радиосу

Кыргыз тилиндеги китептерди жайылтуу аракети талкууланды

Бүгүн, 20-сентябрда парламенттеги «Альянс» фракциясы мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрдү. Фракция лидери Жанарбек Акаев Муну иш-чаранын максаты тилдик көндүмдөрдү үйрөнүүгө жана өздөштүрүүгө кызыгууну арттыра турган инновациялык методдорду колдонуу боюнча пикир алмашуу экенин белгиледи.

Кыргыз тилине кызыгууну арттырып жаткандар үчүн ыраазычылык билдирип, тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.

Жыйынга катышкан «Китепстан» басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев дүйнөлүк алдыңкы чыгармаларды кыргызча окууну максат кылып, басма үй ачышканын жана бүгүнкү күнгө чейин 40тай китеп кыргызчаланганын айтты. Басма үйү балдарга, ата-энелерге, мугалимдерге, жаштарга багытталган китептерди автордук укугун алып, кыргызчага которот.

Абдуллаев дүйнөлүк классикага айланган адабияттарды кыргызчага которууга өкмөттөн колдоо болсо деген сунушун айтты. Ошондой эле баланын тили кыргызча чыгышы үчүн балдар чыгармаларына көңүл буруу керек. Мындан тышкары, мамлекеттик китепканаларда заманбап жаштардын табитине туура келген китептерди көбөйтүү керектигин белгиледи.

Депутаттарга кайрылып, окуган китептери тууралуу агартуу максатында социалдык тармактарга бөлүшүүнү суранды.

Жыйында мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салып кошуп жаткан Кыргызстандагы Жасалма интеллект AkylAI долбоорунун  негиздөөчүлөрүнүн бири Тимур Туратали кыргыз тилинде иштеген жасалма интеллекти тууралуу айтып берди. Долбоор былтыр башталып, 100 миллиондой сөз жыйнагы топтолгон, андан кийин тарыхта биринчи жолу үн спикери да чыгарылды.

Жакынкы келечекте Мамлекеттик тил комиссиясы менен бирге кыргызча жасалма интеллекти AkylAI долбоорунун алкагында сөз жыйнагын 1 миллиардка чыгарууну пландашууда.

Мындан тышкары, кыргызча стендап чыгарган Мыктыбек Мукаев көркөм окуу чеберлери Өзгөрүш Абакиров жана Роза Рысбек, «Тилимпоз» долбоорунун негиздөөчүсү Тилек Нурдин да мамлекеттик тилди жайылтуу тууралуу ойлорун айтышты.

1989-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил жөнүндө алгачкы мыйзам кабыл алынган.