Марал Радиосу

Кыргызстандан алтын куймаларын мыйзамсыз ташуу аракети аныкталды

Кыргызстандан алтын куймаларын мыйзамсыз ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстандын аймагына бараткан «Лексус 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулду. Аны текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок, жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай аныкталды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле курамында алтын бар металлдарды контрабандалоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уюштурулууда.