Марал Радиосу

Акыйкатчы инстутунун кызматкерлери абактагы Жоомарт Карабаев менен жолукту

Акыйкатчы инстутунун кызматкерлери бүгүн, 20-сентябрда №1  тергөө абагына барып, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен жолугуп, абактын кармоо шарттарынан кабар алышты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кысымга кабылып жатканы тууралуу жазган каты социалдык тармактарга таркаган.

«Карабаев Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жолдоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип,  укуктук жардам берүүнү суранды. Анын айтымында тергөө учурунда, ага күч колдонулган. Карабаев №1 тергөө абагынын кармоо шарттарына даттанган эмес. Тергөө абагында, Жоомарт Карабаев менен чогуу 7 киши кармалып турат», — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып, кайрылганын кабарлады.

Ал буга чейин президент Садыр Жапаровко кайрылып, абакта ага карата кысым болуп жатканын айткан.

Жоомарт Карабаев эки жарым айдан бери Бишкектеги №1  тергөө абагында отурат. УКМК кызматкерлери Карабаевди 2-июлда суракка алгандан кийин кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып коюлганы кабарланган.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана алардын ишин тыкыр иликтөөгө чакырат.