Марал Радиосу

Кытай Кыргызстанга 200 млн юань грант берет

Кытай Кыргызстанга 200 млн юань өлчөмүндө грант бөлөт. Тиешелүү меморандумга 19-сентябрда Кытайдын Пекин шаарында эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгында кол коюлду.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

Меморандумга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй кол койду.

Макулдашуу Экономика жана коммерция министрлигинин кытай тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашканы кабарланды.

Бөлүнгөн гранттык каражат артыкчылыктуу багыттардагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.