Марал Радиосу

УКМК «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» мамлекетке өткөнүн билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комите тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, «Кызыл-Кыя машина куруу заводун» жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына кайтарылды. Аталган заводдун жалпы аянты 22,89 гектар, болжолдуу баасы 4 млрд 74 млн 650 миң 494 сомду түзөт.

УКМК мамлекеттик жерлерди, имараттарды жана башка курулмаларды мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча фактыларды аныктоону улантууда, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.